Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Беларуста асфальтка бийликке жакпаган сөздөрдү жазгандар абакка кесилди


Беларус соту асфальтка бийликке жакпаган сөздөрдү жазган Минскинин эки тургунун түрмөгө кести. 26 жаштагы Максим Павлющик жана Владислав Гулис быйылкы бийликке каршы акциялардын катышуучусу Александр Тарайковский өлтүрүлгөн жердеги асфальтка «Биз унутпайбыз» деп жазып кетишкен.

Аларга карата бейбаштык кылган деген негизде иш козголуп, эки жылга түрмөгө кесилди. Мындан сырткары бул иш боюнча дагы үч адам бир жарым жылга ачык типтеги түзөтүү мекемесине жөнөтүлдү. Беларуста мындай жазага кесилгендер атайын жатаканаларда жашап, эркин адам катары ар кыл өндүрүштүк ишканаларда иштешет. Алардын жумуштан кийин эркиндиги чектелип, саат 22.00дөн соң сөзсүз жатаканада калышы керек.

34 жаштагы Александр Тарайковский быйыл август айында Минскинин борборунда окко учуп каза болгон. Бийлик «ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине белгисиз жардыргыч затты ыргытууга аракет кылган учурда жарылып кетип, каза болгон» деген версияны жарыялаган. Бирок окуянын күбөлөрү Тарайковскийде жардыруучу зат болбогонун жана ал милициянын огунан каза болгонун билдиришкен.

Ошондон кийин маркум каза болгон жерде уруксатсыз эскерүү тактасы орнотулган.

Беларуста августтагы президенттик шайлоодон соң саясий кризис болуп жатат. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек. Андан бери бийлик демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.

АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG