Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Жогорку сот Дамир Мусакеевдин иши боюнча мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарды


Дамир Мусакеев, мурдагы президент А. Атамбаевдин жансакчысы.
Дамир Мусакеев, мурдагы президент А. Атамбаевдин жансакчысы.

Жогорку соттун соттук коллегиясы 9-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин ишин карап, мурдагы эки инстанциянын өкүмдөрүн жокко чыгары. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз катчысы Чынара Мамытканова кабарлады.

Жогорку сот ишти башка соттук курамда кайра караш үчүн Свердлов райондук сотуна жиберди.

Бишкектин Свердлов райондук соту 2019-жылдын 24-майында Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынган. Ошол эле жылы күздө Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Буга чейин ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып келген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары аталган башкармалыкты жетектеп турган кезде Турак жай кодексин одоно бузган. Мекеменин маалыматы боюнча алдыңкы кезекте турган кызматкерлерге үй тийбей калган. 15 кызматтык батир туура эмес бөлүштүрүлүп, анын ичинен үч кызматкер эки жолу үйлүү болгон, ал эми муктаж 18 киши турак жайсыз калган.

Мусакеев өзүнө коюлган мындай айыптарды четке кагып келатат.

Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда бир нече жыл анын жеке жансакчысы болгону белгилүү. (ErN)

XS
SM
MD
LG