Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Трамптын командасы шайлоо жыйынтыгы боюнча арыздарды улантарын билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамптын юристтер командасы 3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылууларын улантарын жарыялады. Анын алдында АКШнын Жогорку соту Пенсилвания штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча арызын четке каккан.

Соттун бул чечими президент Дональд Трамп менен анын командасынын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетинде биротоло утулушу катары бааланууда.

Буга чейин Трамптын командасы берген бир нече арызды сот четке каккан эле.

Пенсилваниядагы добуш берүү боюнча соттук териштирүү 14-декабрда Шайлоочулар коллегиясы шайлоо жыйынтыгын жарыялаганы жатканда болуп өттү.

Трамптын шайлоо штабы соттошуну улантарын жарыялаганы менен бул жараян кыйынчылыкка учурашы мүмкүн. Анткени мындан аркы арыздарды соттор шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга мүмкүн эмес деген негизде кабыл албашы ыктымал.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгы боюнча Демократиялык партиянын талапкери, экс-вице-президент Жо Байден алдыга чыккан. Бирок анын негизги атаандашы, учурдагы президент Дональд Трамп жеңилгенинин расмий түрдө моюнга ала элек. Буга карабай өлкөдө бийликти өткөрүп алуу жараяны башталган.

XS
SM
MD
LG