Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети өткөрүүнү убактылуу токтотту


Нарын-Торугарт жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт – автожол» өткөрмө бекети жарандарга, транспорттук каражаттарга жана жүктөргө өткөрүү документин берүүнү 10-декабрда убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул жагдай Кытай тараптын демилгеси менен техникалык себептерге байланыштуу түзүлдү.

Өткөрүү документтерин берүү 11-декабрдан баштап кайра жанданмакчы.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу жыл башында Кытай Кыргызстан менен чек арасын жапкан. Кийин ачылганы кабарланганы менен өткөрмө бекеттердин бири «Торугарт» сентябрга чейин жабык турганы айтылат. Автоунаалар негизинен экинчи «Эркечтам» бекети аркылуу кирип турган.

Бул жагдайга байланыштуу быйыл алгачкы он айда 9,2 млрд. сом салык чогулбай калган. Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын январь-октябрь айларында 21,7 млрд. сом бажы төлөмүн жыйнады. (ErN)

XS
SM
MD
LG