Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:49

Октябрдын башындагы окуялардан кийин инвесторлордон 300 млн. сомдой салык түшпөй калды


Кыргызстандагы кен иштеткен компаниялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы 5-6-7-октябрдагы башаламандык учурунда кен казган компанияларга коюлган чабуулдарга байланыштуу, көпчүлүк ишканалар ишин токтотуп, мамлекетке 300 млн. сомдой салык түшпөй калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров 10-декабрда Башкы прокуратурага караштуу Координациялык кенештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир эле «Эти Бакыр Терек-Сай» 2020-жылдын алгачкы тогуз айында 1 млрд. 200 млн. сом төксө, октябрдан бери болгону 6 млн. сом гана салык берди. Бул компаниянын иши убактылуу токтоп калганы менен байланыштуу.

Сабиров буга байланыштуу инвесторлор менен да сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеп, укук коргоо органдарын кен казган компанияларга кысым көрсөтүп жаткан кишилерге чара көрүүнү өтүндү.

Жыйынга катышып жаткан ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев саясий кризис учурунда өндүрүштүк ишканаларга кол салуу боюнча 46 факты аныкталып, сотко чейинки тергөө иштери башталганын маалымдады. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул иштерди тез арада сотко өткөрүүнү талап кылды.

5-6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Жамгыр алтын кенин иштеткен «Вертекс Голд Компани» ишканасы, Чаарат алтын кенин иштеткен «Chaarat Gold» компаниясы да жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.

Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жана ушул эле райондогу Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» компаниясы да өндүрүшүн токтоткон. Алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес.

Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги 4-декабрда билдирүү таратып, Кыргызстанда дээрлик эки айдан бери ишсиз отурган 5 миңге жакын тоо-кенчи жана металлург өкмөттөн ишти улантууга кепилдик күтүп жатканын кабарлаган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG