Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

COVID-19: Үч адам каза болду, 379 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 379 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен үч адам каза болду. Бул тууралуу 10-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондор Бишкек шаарынын, Ош облусунун жана Талас облусунун тургундары.

Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (120) жана Чүй облусуна (98) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 10-20дан, айрымдарында 80ден катталды.

9-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 527 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 76 391 кишиге жукту. Анын 68 894 айыкканы айтылды. Вирустан 1306 адам кайтыш болду.

Учурда 2305 бейтап стационарда, 3041 киши үй шартында дарыланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG