Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Сыймык Жапыкеев Финансы полициясына тергөөчүлөр жетишпей жатканын айтты


Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча Координациялык кеңештин жыйынында. 10-декабрь, 2020-жыл.
Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча Координациялык кеңештин жыйынында. 10-декабрь, 2020-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча Координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында өзү башкарган мекемеде кызматкерлер жетишпей жатканын билдирди. Ал Финполициянын бир кызматкерине кеминде 60-70тен, болбосо 90-100дөн иш туура келип жатканын айтып, бул аларга өтө оор экенин тактады. Ушундан улам тергөө иштеринин сапаты начарлап, ал жалпы жыйынтыкка залал келтирип жатканын кошумчалады.

Сыймык Жапыкеев белгилегендей, учурда алардын мекемесинде жалпы 85 тергөөчү болсо, анын 30у башкы аппаратта иштейт. Финансы полициясынын жетекчиси мурда Башкы прокуратурадан жана Мамлекеттик бажы кызматынан тергөө алынгандыктан экономикалык жана коррупция иштери аларга гана тийип калып жатканына даттанды.

Мекеменин башчысы кабарлагандай, Финансы полициясы 2020-жылдын 11 айында 5 987 сотко чейинки териштирүү ишин кабыл алган, анын ичинен 1 792 иш коррупцияга байланыштуу.

Ушуга улай эле сөз алган Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургүл Бакирова да Башкы прокуратуранын кызматкерлерине тергөө жүргүзүү укугун кайтарып берүүнү сунуш кылды.

Жыйында модераторлук кылып жаткан башкы прокурор Курманкул Зулушев бул маселени чечүүнүн жолдору каралып жатканын, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү өкмөткө сунушталарын маалымдады.

Сыймык Жапыкеев 5-6-октябрда Бишкектин борбордук аянтында өткөн нааразылык акциясынын баштоочуларынын бири болгон. Ал жыйынтыгы жокко чыгарылган 5-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Чоң Казат» партиясын алдыңкы тизмесинде барган. Мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыгып таанымал болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG