Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Жыл башынан бери коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу 2 миңден ашык иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын 10 айында Кыргызстандын укук коргоо органдарында кызматтык жана коррупциялык иштерге байланыштуу 2262 кылмыш иши боюнча сотко чейин териштирүү башталып, анын 319 сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында кабарланды.

Маалыматка ылайык, учурда 1500дөн ашык иш учурда иликтенүүдө.

Бул эки категориядагы кылмыштардан мамлекеттин бюджетине 5 млрд. 886 млн. 500 миң сом чыгым келтирилгени такталып, анын 2 млрд. 223 млн. 801 миң сому ордуна келтирилген.

Жыйында маалымат берген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Бекбосун Абсаттаров мекеменин кызматкерлери бул боюнча 2 835 сотко чейин териштирүү ишин алып барганын, анын 1399 мурдагы жылдан калганын маалымдады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев да маалымат берип, өзү башкарган мекеме 2020-жылдын 11 айында 5 987 сотко чейинки териштирүү ишин кабыл алганын, анын ичинен 1 792 иш коррупцияга байланыштуу экенин кабарлады. (ErN)

XS
SM
MD
LG