Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Ооганстанда тележурналист киши колдуу болду


Малала Майванд.
Малала Майванд.

Ооганстанда чыгышындагы Нангархар провинциясында жеке менчик телеканалдын журналисти өлтүрүлдү. Өлкөдөгү жеке «Enikass ТV» телеканалында иштеген Малала Майванд менен анын айдоочусун 10-декабрда эртең менен аймактын борбору Желалабад шаарына келе жаткан жолдо белгисиз адамдар атып кетишкен.

Майванд телеканалда сегиз жылдан бери иштеп келген. Ал аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы активист катары да белгилүү болчу. Ооганстандагы акыркы айдагы экинчи журналисттин өлүмү үчүн эч им жоопкерчилик ала элек.

«Enikass ТV» телеканалынын жетекчиси Залмай Латифи буга чейин опуза болуп келгенин белгилеп, журналистти «өлкөнүн душмандары өлтүрдү» деди.

Ооганстанда Адам укуктарынын эл аралык күнү кезектеги журналистти өлтүрүү менен башталды. Бул кырдаалды эске салган Германиянын Кабулдагы элчилиги журналисттин өлтүрүлүшүн айыптаган билдирүү таратты.

Пакистан менен чектешкен Нангархар аймагында «Талибан» тобу менен «Ислам мамлекети» террорчул уюму ар кыл теракттарды уюштуруп келет.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтой элек. Акыркы айларда журналист, диний ишмер, укук коргоо жана саясатчы сыяктуу коомго таанымал адамдарды атайлап өлтүрүү көп катталып жатат.

XS
SM
MD
LG