Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Британия менен Евробиримдиктин сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Британия менен Европа Биримдиги Брекзит сүйлөшүүлөрү боюнча ушул аптанын соңунда мунаса табууга үмүт кылып жатышат. 9-декабрда Брюсселге келген британ премьер-министри Борис Жонсон менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин үч саатка созулган сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады.

Жонсон сүйлөшүүнү «ачык жана жандуу өттү» деп баалаганы менен 2021-жылдан тартып эки тараптын мамилесин тескеген келишим боюнча конкреттүү чечим кабыл алынган жок.

Сүйлөшүүдөн соң Еврокомиссиянын төрайымы «Твиттердеги» баракчасына: «Биз позицияларыбызды түшүнөбүз, алар бири-биринен алыс болуп жатат. Тараптар дагы бир жолу жолугуп, эс алуу күндөрү чечим кабыл алынгандай болушу керек», деп жазды.

Улуу Британия Евробиримдиктен ушул жылдын январында чыгып кеткен.

Британия өзүнө таандык сууларга европалык балыкчылардын киришине каршы болуп жатат.

Ошондой эле расмий Лондон өнөр жайы жана экология боюнча саясатты өз алдынча жүргүзүүнү каалайт.

Эгер быйыл 31-декабрга чейин эки тарап мунасага келип, келишим кабыл алынбаса, анда Британия менен Европа Биримдигинин соода мамилеси Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

Анда тараптардын чек арасында бажы көзөмөлү орнотулуп, товар жана кызмат көрсөтүүдөн төлөмдөр алынышы керек.

XS
SM
MD
LG