Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Жыл башынан бери коррупцияга байланыштуу 232 адам соттолду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын соттору 2020-жылдын алгачкы тогуз айында коррупцияга байланыштуу 719 кылмыш ишин карады. Бул сот органдарында каралган иштердин 8,36% түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Коррупцияга каршы туруу боюнча координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургул Бакирова билдирди.

Анын айтымында, бул иштер боюнча 232 адамга карата айыптоо өкүмдөрү чыкса, 45 адам акталган. Соттолгондор жалпы айыпталгандардын 46% түзсө, акталгандар 9% түзөт.

Актоого айыпталуучулардын аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугу негиз болгон.

Ушул эле жыйында 2020-жылдын 10 айында Кыргызстандын укук коргоо органдарында кызматтык жана коррупциялык иштерге байланыштуу 2262 кылмыш иши боюнча сотко чейин териштирүү иши ачылып, анын 319 сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. (ErN)

​
XS
SM
MD
LG