Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Атамбаевдин тарапташтары анын ишин карап жаткан соттун имаратына чогулду


Алмазбек Атамбаев соттук отурумдардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Алмазбек Атамбаев соттук отурумдардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу "Батукаев иши" боюнча кайрадан баштапкы угуусун баштады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, бул күнкү олтурумда Атамбаевди бөгөт чарасы да каралышы мүмкүн.

Буга байланыштуу соттун имаратына мамлекеттин мурдагы башчысынын тарапкерлери чогулуп, аны боштондукка чыгышын талап кылып жатышат. Түрдүү транспаранттарды кармагандар «Атамбаевге боштондук!» деп кыйкырып турушат.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган.

2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган. Аны менен кошо дагы бир топ адам жазаланган, бирок алар түрмөгө кесилген эмес.

Соттун бул чечиминен кийин анын адвокаттары Жогорку соттун Алмазбек Атамбаевге байланыштуу чечими райондук сотко келип түшүп, алар чечимди Жаза аткаруу боюнча мамлкеттик кызматка жиберүүгө милдеттүү болчу. Алар Атамбаев дароо бошотулушу керек эле деп эсептешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG