Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

HRW Кыргызстандагы майып балдардын билим алуу укугу чектелгенине тынчсызданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда майып балдардын сапаттуу инклюзивдик билим алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Бул тууралуу уюм Адам укуктарынын эл аралык күнүнүн алдында жарыялаган баяндамада айтылат. 74 беттик баяндамада Кыргызстан Майыптардын укуктары боюнча конвенцияны ратификациялаганына карабай, майып өспүрүмдөрдүн укуктары бузулган учурлар арбын экени белгиленген.

«Кыргыз өкмөтү инклюзивдик билим берүүнү камсыз кылууга кепилдик берген. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектептерде билим алгандай болушу керек деген сөз»,- деп билдирди «Human Rights Watch» уюмунун изилдөөчүсү, баяндаманын автору Лора Миллс.

Бул баяндаманын алкагында уюм майып балдардан, мугалимдерден, атайын мектептин кызматкерлеринен турган 111 адамды сурамжылаган. Анын жыйынтыгында атайын жайларда майыптарды караган адистер жетишпей жатканы, кызматкерлер балдарга психотроптук дарыларды колдонору белгилүү болгон.

Баяндамада кыргыз өкмөтү 2012-жылы өлкөдөгү 17 балдар үйүн, анын ичинде майып балдар жашаган үч үйдү жабууга убада бергени эскертилген. Бирок учурда 300дөн ашык майып бала балдар үйлөрүндө жашап жатканы айтылган. Өкмөт бир гана атайын мектеп-интернатты жабууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG