Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Крым татар активисти 19 жылга соттолду


Ленур Ислямов.
Ленур Ислямов.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту крым татарларынын ATR телеканалынын кожоюну жана жарым аралдын мурдагы вице-премьери Ленур Ислямовду 19 жылга эркинен ажыратты. Ага мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн, экстремизмге чакырган, Украинанын түштүгүндөгү электр линиясын бузууну уюштурган деген айып коюлган.

Ленур Ислямов өзүнө коюлган айыптар саясий негизде экенин, Крымдын аннексияланышын тааныбаганы үчүн куугунтукка кабылганын билдирген болчу. Анын адвокаттары телеканалдын кожоюнуна карата коюлган айыптар далилденбегенин айтып келишкен.

Ленур Ислямов Крым жарым аралы аннексияланган соң эки айдай вице-премьер болуп иштеген. Ал бул кызматка Крым-татар межлисинин квотасы аркылуу келген. Кийин бул уюм Орусияда тыюу салынган.

Ислямов 2014-жылы Украинага кетип, бул өлкөнүн жарандыгын алган. Ага Орусияда сот сыртынан чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG