Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Бейруттагы жарылууга байланыштуу убактылуу өкмөт башчыга айып коюлду


Өткөн жайда Бейруттагы портто болгон жарылууга байланыштуу премьер-министрдин кызматын аткаруучу Хасан Диаб жана үч мурдагы министрге айып коюлду. Бул тууралуу Ливандын расмий маалымат агенттиги 10-декабарда кабарлады. Алар 4-августтагы жарылууга, адамдардын өлүмүнө алып келген шалаакылык үчүн күнөөлөнүп жатат. Ал окуяда 200дөн көп кишинин өмүрү кыйылган, миңдеген адамдар жарадар болгон, борбор шаардын ири бөлүгүндө бир топ имараттардын таш-талканы чыккан.

Порттогу кампада адегенде көп жылдардан бери сакталып келген ири көлөмдө пиротехника, жер семирткичтер жарылганы аныкталган. Андан көп узабай премьер Диаб кызматтан кеткен, бирок кызматын убактылуу аркалап жаткан. Тергөөнүн жүрүшүндө 30 расмий адам кармалган.

XS
SM
MD
LG