Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

АКШнын элчиси Дональд Лунун Матраимовго байланыштуу пикирин колдогондор пикетке чыкты


АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лунун Матраимовго байланыштуу пикирин колдогон пикет. 11-декабрь, 2020-жыл.

11-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын астына он чакты адам пикетке чыкты. Алар «Чын чычалайт», «Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат», «Дональд Лу, биз сизди колдойбуз» деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Чогулгандар АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лунун быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу пикирин туура деп эсептей турганын айтышты.

Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Урмат Иманкулов: «Биз бул жерге кыйкырып, талап коёлу деп келген жокпуз. Биз өз оюбузду гана билдирип коёлу деп чогулдук. Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын аброю төмөн болуп жатат. Ушундай кырдаалда трибунадан «элчи кетсин», «ал тентек бала» деп айткандарга каршыбыз. Биз орусиячыл да, америкачыл да эмеспиз. Биз кыргызстандыкпыз. Болгону Дональд Лунун 5-октябрда сүйлөгөн сөзүнүн тууралыгын гана айталы деп чыктык. Ал Кыргызстандагы коррупция тууралуу фактыны айтып жатса, биздикилер ага чычалап жатат», - деди ал.

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан. Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров 10-декбарда парламентте билдирүү жасап, элчи Дональд Луну мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп айыптаган.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн. 11-декабрда анын аялы Уулкан Тургунова да бул тизмеге кошулду.

Раимбек Матраимов санкцияга байланыштуу пикирин билдире элек.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлкү менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, салым, каражат же товар алууга тыюу салынат. (MiK\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG