Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Мамкаттоо 1982-жылдан 1992-жылга чейинки адам өлүмү тууралуу актыларды санариптештирип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 2020-жылдын соңуна чейин 1982-жылдан 1992-жылга чейинки адам өлүмү тууралуу актыларды санарипке өткөрүп бүтүрөрүн кабарлады.

Анын маалыматында айтылгандай, ушул аралыкта катталган өлүм-житим жөнүндөгү 320 440 актынын 305 940 санариптештирилди. Иш жыйынтыкталбай жатканына коронавирус пандемиясы таасир эткен.

Калкка байланыштуу түрдүү формадагы актылардын баарын санариптештирүү маалыматтарды бир базада кармоо жана тактоо иштерин жакшыртыш үчүн киргизилет. Санариптештирүү 2014-жылы башталган.

2014-жылдан 2016-жылган чейин 2004-жылдан 2015-жылга чейинки 1 миллиондон ашык актылар санариптешкен. 2019-жылы 1993-жылдан 2003-жылга чейинки 331 073 актылык жазуу санарип базага киргизилген.

Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, мекеме жалпы 10 миллиондой актыны санариптештириши зарыл. (ErN)

XS
SM
MD
LG