Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Нобелдин тынчтык сыйлыгы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына тапшырылды


БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Кадыр-барктуу сыйлыкты ыйгаруу аземи коронавирус пандемиясынан улам онлайн форматта өтүп, агенттиктин Римдеги кеңсесинде Нобелдин медалы тапшырылды.

Сыйлыкты алып жатып Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бизли Нобел комитетинин акыркы чечими дүйнөдөгү ачарчылык менен күрөштө «аракетке өтүүгө чакырык» деп атады. Ал учурда дүйнө жүзүндө 690 миллиондон ашык адам күн сайын ачка жатууга аргасыз экенин эске салып, сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.

Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты болуп ачарчылыкка каршы күрөшү үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы октябрда аныкталган. Анда Нобел комитети коронавирус пандемиясы ачарчылык коркунучуна кабылган миллиондогон адамдардын санын ого бетер көбөйткөнүн белгилеп, өлкөлөрдү Дүйнөлүк азык-түлүк программасына жана башка уюмдарга ал адамдарды тоюндуруш үчүн акчалай колдоо көргөзүүгө чакырды.

Лауреатка 10 миллион швед кронасы же 1,1 миллион доллар берилет.

Буга чейин сыйлыкты швециялык экоактивист Грета Тунберг, орусиялык диссидент Алексей Навальный, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алышы мүмкүн деп болжолдонуп келди.

Быйылкы коронавирус пандемиясынан улам Нобел сыйлыгын тапшырууда өтүп келген банкет уюштурулган жок.

XS
SM
MD
LG