Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Мушкер Рафаэль Физиев UFCде дагы бир жеңишке жетти


Рафаэль Физиев менен Марк Диакиез беттеш учурунда. Абу-Даби шаары. 19-июль, 2020-жыл.
Рафаэль Физиев менен Марк Диакиез беттеш учурунда. Абу-Даби шаары. 19-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC 256 мелдешинде бразилиялык Ринато Мойкананы биринчи раундда эле нокаут менен утуп, UFC уюмунда үчүнчү ирет жеңишке жетти.

UFC 256 деген аталыштагы мелдеш 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Мында Физиев 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Рафаэл Физиев 19-июлда Абу-Даби шаарында өткөн мелдеште британиялык мушкер Марк Диакиез жеңип алган.

"Атаман" деген каймана ат менен белгилүү Рафаэл Физиев 2019-жылдан бери UFC уюмунда мелдештерге катышып келет. Ал буга чейин аталган уюмда эки жолу беттеш өткөрүп, алгач ирет орусиялык Магомед Мустафаевге жеңилсе, экинчи беттешинде америкалык Алекс Уайтты жеңген. Физиев азери тектүү кыргызстандык мушкер.

UFC – таймаштын аралаш түрлөрү боюнча спорттук уюм. (GT/TSh)

XS
SM
MD
LG