Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Германияда карантин чаралары күчөтүлдү


Германиянын канцлери Ангела Меркел.
Германиянын канцлери Ангела Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 13-декабрда билдиргендей, өлкө жергелеринин жетекчилери федералдык бийлик менен жаңы карантин чараларын макулдашты. Ага ылайык, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасынын баары, мектептер 16-декабрдан 10-январга чейин жабылат. Дарыканаларга, банктарга жана башка бир катар калкты тейлөөчү мекемелерге гана иштегенге уруксат берилет. Германияда жарым-жартылай карантин чаралары алты апта мурда киргизилген. Бирок андан бери коронавируска кабылгандардын жана бул илдеттен каза болгондордун саны өсүп жатат.

Соңку бир суткада COVID-19 илдетине 20 миңден көп адам чалдыгып, 300дөн ашуун киши каза тапкан.

Европа мамлекеттеринин ичинен Италия коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча Улуу Британияны ашып өтүп, алдыга чыкты. Евробиримдиктин дары-дармектерди тескеген мекемеси 27-декабрда "Pfizer" жана "BioNTech" компанияларынын биргелешип чыгарган вакцинасын колдонууга уруксат берээри күтүлүп жатат.

Буга чейин калкты жапырт эмдөө Британияда башталган. АКШ 14-декабрдан тартып эмдөө иштерин баштайт.

Кытай менен Орусия да өздөрү өндүргөн вакцинаны жарандарына сая баштады.

XS
SM
MD
LG