Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Соңку бир суткада дагы 318 адамдан коронавирус табылып, беш киши көз жумду


Кыргызстанда 14-декабрга карата дагы 318 адамдан коронавирус илдети аныкталып, беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 258 адам айыкты.

Жаңы аныкталган учурлар:

- Бишкек шаары - 126;
- Чүй облусу - 79;
- Ысык-Көл облусу – 46;
- Жалал-Абад облусу - 25;
- Баткен облусу – 16;
- Нарын облусу - 12;
- Ош облусу - 6;
- Ош шаары – 4;
- Талас облусу – 4.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 77 674 кишиге жукту, алардын 1312 каза болуп, 70 450 бейтап айыкты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 14-декабрга карата дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 72 миллион 200 миңден ашты. Алардын 1,6 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 47 миллиондой адам сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG