Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Сот Бакир Таировду 2-февралга чейин камакта калтырды


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бакыт Таировду 2-февралга чейин камакта калтырды. Мындай чечим 11-декабрда чыгарылганын райондук сот кабарлады. Таиров атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында болот.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров 10-декабрда кармалган.

Ал октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек саналууда.

Атайын кызмат акча өндүрүлгөн мамлекеттик ишкананын жана партиянын аталышын, мажбурлап алынган акчанын суммасын тактаган жок.

Бакир Таиров УКМКнын жогоруда сөз болгон маалыматы боюнча комментарий бере элек. «Азаттык» анын өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө бул боюнча микрофон сунууга даяр. (SE)

XS
SM
MD
LG