Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Жалил Атамбаевдин УКМКда иштеген уулунун тоюна байланыштуу териштирүү жүрүп жатат


Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.
Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.

Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаев коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө карабай уулуна шан-шөөкөттүү той өткөргөнүнө байланыштуу териштирүү башталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «1000дей киши катышкан той боюнча факты иликтенип жатканын», жыйынтыгына жараша чара көрүлөрүн маалымдады.

Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тою 12-декабрда болуп, ага миңдей адам катышкан. Арасында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депуттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана башкалар бар.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов Атамбаевдин үйлөнгөн баласы УКМКнын кызматкери экенин айтты:

«Учурда ал кызматкерге байланыштуу да кызматтык териштирүү башталды. Жалил Атамбаев да УКМКга чакырылды. Жыйынтыгына жараша катуу чаралар көрүлөт».

Аталган тойдон тартылган сүрөттөр Интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталганы кабарланган.

COVID-19 илдетине байланыштуу Кыргызстандын бир топ аймактарында, анын ичинде Ош, Бишкек шаарларында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Көп кишилер катышкан жыйындарды, тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Коронавируска каршы республикалык штаб санитардык-эпидемиологиялык абал дагы эле кооптуу экенин эскертүүдө. Соңку эки-үч айдан бери күнүгө жүздөгөн адамдан оору чыгып келатат.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 77 674 кишиге жукту, алардын 1312 каза болуп, 70 450 бейтап айыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG