Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Маданият кызматкерлеринин кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы барымтага алынганы айтылууда


Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясы.
Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясы.

Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун тарапташтары Маданият кызматкерлеринин кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы Анархан Кыдыралиеваны барымтага алышканы кабарланды. Аталган уюмдун өкүлдөрү 14-декабрда бул тууралуу «Азаттыкка» билдирип, күч түзүмдөрүнө да кайрылганын айтышты.

Кыдыралиеванын орун басары Гүлайым Жайчиеванын сөзүнө караганда, сөз болуп жаткан адамдар имаратка бастырып кирип, Кыдыралиеваны биринчи кабаттагы бөлмөдөн чыгарбай турушат.

«Кыдыралиевадан Асанакуновду кайра кызматка коюуга макулдук беришин талап кылышууда», - деди Жайчиева.

Муну Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов да тастыктап, Асанакуновдун тарапташтары мурда аны да ушундай кысымга алышканын билдирди:

«Кайра кызматка коюш үчүн Кесиптик кошуундар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушун алыш керек. Ушундай жол менен ар бирибизге ушундай басым көрсөтүп жатышат».

Кесиптик кошуундар уюмунун төрагасынын орун басары, Асанакуновдун тарапташы катары сөз болуп жаткан Жээнбек Осмоналиев эч ким барымтага алынбаганын, жөн гана сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет. Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында бир катар нааразылыктын коштоосунда иштен кеткен. Өзүнө байланышып, маалымат алганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Милиция окуянын чоо-жайы такталган соң комментарий берилерин билдирди.

Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG