Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Никитенко зордукталган 13 жаштагы кыздын жагдайына байланыштуу ИИМге кайрылды


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдын акталышына байланыштуу Ички иштер министрлигине кайрылуу жөнөттү.

Ал 14-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мен депутат катары жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрайымы катары мыйзамдуулукту жана акыйкатты талап кылам», деп жазды.

Никитенко өлкөдөгү эки жагдайды - соттордун адилетсиздигин жана жарандык активисттер менен журналисттердин адам укуктары үчүн күрөшкөн аракетин баса белгиледи. Анын алдында парламенттин дагы бир депутаты, президенттик шайлоого талапкер болгон Каныбек Иманалиев да «Фейсбукта» видео кайрылуу таратып, 13 жаштагы кызды мазактаган сот чечимин кайра артка кайтарууга аракет кыларын билдирген.

11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдеткен. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын айтымында, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми кызды зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды актаган.

Кыздын адвокаты жана атасы судья Содонбековдун чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришти.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары судья Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG