Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Кыргызстанда коронавирус дагы төрт өмүрдү кыйды, 236 адамга жаңы жукту


Вирустан коргоочу кийимчен медицина кызматкерлери.
Вирустан коргоочу кийимчен медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда 15-декабрга карата дагы 236 адамдан коронавирус илдети аныкталып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 417 адам айыкты.

Жаңы аныкталган учурлар:

  • Чүй облусунда - 82;
  • Бишкек шаарында - 51;
  • Ысык-Көл облусу – 47;
  • Жалал-Абад облусу - 24;
  • Ош облусу – 9;
  • Баткен облусу - 6;
  • Талас облусу - 6;
  • Ош шаары – 6;
  • Нарын облусу – 5.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 77 910 кишиге жукту, алардын 1316 каза болуп, 70 867 бейтап айыкты.

15-декабрга карата дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 73 миллиондон ашты. Алардын 1,6 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 51 миллиондон ашуун адам сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG