Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Ошто мал уурулук үчүн шектүү катары эки киши кармалды


Мал уурулук үчүн шектүү катары кармалган жарандар.
Мал уурулук үчүн шектүү катары кармалган жарандар.

Ноокат райондук милициясы 8-декабрь күнү мал уурдаган деген шек менен эки жаранды кармады. Алар Өзгөн районунун 38 жаштагы, Кызыл-Кыя шаарынын 31 жаштагы тургундары. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Облустук милициянын маалыматына караганда Ноокат райондук милициясына 6-декабрь күнү мал уурулук боюнча арыз келип түшкөн. Ноокат РИИБи Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурулук») боюнча сотко чейинки териштирүү ишин баштаган.

Кылмышка шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Жоголгон малдын эти Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мал союучу жайдан табылган. Жалпы келтирилген зыян 130 миң сом деп эсептелген. (DU)

XS
SM
MD
LG