Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Быйыл дүйнөдө 274 журналист камалып, антирекорд коюлду


2020-жылдын 1-декабрына чейин дүйнө жүзүндө 274 журналист камакка алынган. Бул тууралуу шейшембиде Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» билдирди. Уюм маалымат чогулта баштаган 1990-жылдардан бери бул эң жогорку көрсөткүч болду. Былтыр 250 журналист камалганы кабарланган. Комитеттин баяндамасында айтылгандай, авторитардык лидерлер коронавирус пандемиясына байланышкан маалыматтарды көзөмөлдөш үчүн илдет тууралуу жазган кабарчыларды камаган учурлар көп.

Августтан бери нааразылык акциялары тынчыбай келаткан Беларуста кармалган журналисттер кескин көбөйгөнү белгиленет.

Эң көп журналист Кытайда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабиясында камакка алынган.

Экинчи жыл катары менен Кытай бул жагынан биринчи сапта турат. Өлкөдө 47 журналист соттолуп, ушу тапта жабык жайларда отурат.

Комитет быйыл 26 журналист өлтүрүлгөнүн да жазды. Мексика бул кесипти аркалаган адамдар жана медиа үчүн эң кооптуу өлкө аталды.

Баяндамада АКШнын президенти Дональд Трамптын да медиага болгон чабуулдары тууралуу айтылып, мындай көрүнүштү авторитардык жетекчилер өз өлкөлөрүндөгү журналисттерге басым кылыш үчүн пайдаланышканы белгиленет.

Кошмо Штаттарда быйыл 110 журналист камакка алынган же айыпталган. Көбү полициянын зомбулугуна каршы демонстрациялар учурунда кармалгандар болчу.

«Жалган маалымат» таратуу үчүн 2020-жылы дүйнөдө 34 журналист соттолду. Былтыр 31 киши болчу.

XS
SM
MD
LG