Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Кадамжайда Өзбекстандын жардамына 200 орундуу оорукана курулуп бүттү


Жеңил конструкциядагы оорукана 18-ноябрда курула баштаган.
Жеңил конструкциядагы оорукана 18-ноябрда курула баштаган.

Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда курулушу башталган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы курулуп бүттү. Ал жакын арада колдонууга берилерин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Жеңил конструкциядагы оорукана 18-ноябрда курула баштаган. Ал Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, бир гектарга жакын аянтка салынды. Керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалды.

Бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, жергиликтүү медицина кызматкерлери менен тажрыйба алмашары мурда кабарланган. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG