Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:18

Жарандар шайлоого байланыштуу каттоосун 29-декабрга чейин алмаштырышы керек


Катталган аймагынан башка жакта жашаган жарандар президенттик шайлоодо жана референдумда добуш бериш үчүн 29-декабрга чейин каттоосун алмаштырууга тийиш. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди:

«Жаңы үлгүдөгү ID картада чип бар. Жаран Калкты тейлөө борборлоруна барса, адистер тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берет. Ал эми эски үлгүдөгү ID карта болсо, аны жаңылашы керек».

Бекматов жарандарда каттоосун алмаштырууга жетишерлик убакыт бар экенин билдирди.

Буга чейинки шайлоолордо каттоосу башка аймактагы жарандар №2 форма деген документ аркылуу башка жерден добуш берип келишкен.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарандар президенттикке талапкер 18 адамдын ичинен каалаган бирөөгө добуш берет жана башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандайт:

- президенттик;
- парламенттик;
- бардык варианттарга каршы. (SE)

XS
SM
MD
LG