Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 19:40

Азербайжандык төрт жоокер өлүктөрдү мазактоо үчүн кармалды


Тоолуу Карабак. 16-ноябрь, 2020-жыл.

Расмий Баку Тоолуу Карабак үчүн урушта армениялык жоокерлердин өлүктөрүн мазакташкан, армян мүрзөлөрүн талкалашкан деген шек менен азербайжандык төрт жоокер кармалганын билдирди. Азербайжандын Башкы прокуратурасы дүйшөмбүдө сайтына жайгаштырган билдирүүдө айтылгандай, тергөөчүлөр Интернетте тараган видеолор менен таанышып чыккандан кийин шектүүлөр кармалды.

Маалыматка караганда, эки сержант Зангелан районундагы салгылашууда каза болгон армян аскерлеринин өлүктөрүн мазактаган деп шек саналууда. Эки катардагы жоокер Хожавент районундагы Мадатли айылындагы көрүстөндө эстеликтерди сындыргандыгы үчүн айыпталууда.

Башкы прокуратура ушундай мазмунда болушу мүмкүн деген дагы башка видеолорду иликтеп жатканын кошумчалады.

Эл аралык укук коргоо уюмдары буга чейин Баку менен Ереванды согуш кылмыштарын тергөөгө үндөшкөн.

27-сентябрда Тоолуу Карабактын айланасында тутанган кармаштар 10-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен токтотулуп, тынчтык келишимине кол коюлган.

XS
SM
MD
LG