Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Беларус оппозициясына Сахаров сыйлыгы тапшырылат


Минскидеги демонстрация. 13-декабрь, 2020-жыл.
Минскидеги демонстрация. 13-декабрь, 2020-жыл.

Светлана Тихановская баш болгон беларус демократиялык оппозициясынын өкүлдөрүнө 16-декабрда Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы тапшырылмакчы. Тихановская салтанаттуу иш-чараны утурлай ушул аптада Брюсселде Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугушту. Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли октябрда беларус оппозициясынын Координациялык кеңеши быйылкы сыйлыкка татыганын жарыялаган. Төрага беларус оппозициясы ой жүгүртүү жана өз көз карашын билдирүү эркиндигин коргоодо эр жүрөктүгүн, чечкиндүүлүгүн көргөзгөнүн белгилеген. Сыйлыктын акчалай эквиваленти 50 миң евро. Адам укуктары чөйрөсүндөгү жылдык сыйлык советтик физик, диссидент Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген.

Тихановская 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенкого атаандаш болуп чыккан. Лукашенконун жеңиши расмий жарыяланганы менен оппозиция жыйынтыктарды тааныбай, ошондон бери нааразылык акциялары уланып келатат. Күч түзүмдөрү демонстрацияларды аёосуз кууп таркатып, миңдеген киши кармалган. Бир тобу кыйноого кабылган. Бир нече кишинин өлүмү тууралуу кабарланган. Оппозициялык активисттер куугунтукка туш болуп жатат. Тихановская шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG