Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

БУУ Ливиядагы чет өлкөлүк согушкерлерди чыгып кетүүгө үндөдү


Бенгази, 7-апрель, 2019-жыл.
Бенгази, 7-апрель, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши бардык чет өлкөлүк согушкерлерди Ливиядан чыгып кетүүгө дагы бир жолу чакырды. Кеңештин бардык 15 мүчөсү, анын ичинде Орусия документти колдошту. Атышууну токтотуу жөнүндө быйыл 23-октябрда БУУнун ортомчулугу менен келишим түзүлгөн. Анда «бардык чет өлкөлүк согушкерлер жана жалданма аскерлер» үч айдын ичинде Ливиядан чыгууга тийиш экени айтылган. Маалыматтарга караганда, өлкөдө азыр чет жактардан келген 20 миңдей жоокер бар.

БУУ буга чейин Ливияда орусиялык жалданма аскерлер куралдуу урушка катышып жүргөнүн аныктаган. «Вагнердин жеке менчик компаниясынын» жоокерлери эл аралык коомчулук тааныган Триполи өкмөтүнө каршы күрөшкөн маршал Халифа Хафтарга көмөктөшүп жатканы айтылган. Маршалды Орусиядан тышкары Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдойт.

Билдирүүдө атышпоо шарттарынын аткарылышына көз салган механизм зарыл экени да белгиленген. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш андай механизмди иштеп чыгуунун варианттарын сунуш кылмакчы.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери жарандык согуш токтобой келет.

XS
SM
MD
LG