Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:14

«Талибандын» делегациясы Пакистанга барды


Ооган армиясы талибдерге каршы операция учурунда. 14-декабрь, 2020-жыл.
Ооган армиясы талибдерге каршы операция учурунда. 14-декабрь, 2020-жыл.

«Талибан» кыймылынын делегациясы өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Пакистанга барды. Талибдердин саясий лидери Молдо Абдул Гани Барадар жетектеген топ үч күндүк визит маалында премьер-министр Имран Хан жана башка расмий адамдар менен жолугушмакчы.

«Талибандын» негизги спонсору болгон Пакистан «жоочуларга башпаанек, жардам берет» деп көптөн бери айыпталып келатат. Исламабад бул дооматтарды четке кагууда.

Ошол эле учурда Пакистандын бийлиги 2018-жылы согушкер топту АКШ менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга көндүргөнү айтылып жүрөт.

Ошол сүйлөшүүлөрдүн аркасы менен февралда Вашингтон менен «Талибан» тынчтык келишимине жетишкен. Документке ылайык, бардык чет элдик күчтөр ооган жергесинен эмки жылдын май айына чейин чыгарылууга тийиш. Бул үчүн талибдер коопсуздук кепилдиктерин берип, Кабул өкмөтү менен диалог баштоого макул болгон.

Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карабай, Ооганстандын жер-жеринде кан төгүү токтобой жатат.

16-декабрда Баглан провинциясында текшерүү пунктуна кол салууда полициянын бери дегенде 13 кызматкери окко учту. Ошол эле чөлкмөдө дагы үч тартип коргоочу жарадар болду. Бул теракттар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG