Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

АКШда соңку суткада коронавирустан каза болгондор рекорддук чекке жетти


«Pfizer-BioNTech» вакцинасын АКШга транспорттоого даярдык. Мичиган, 13-декабрь, 2020-жыл.
«Pfizer-BioNTech» вакцинасын АКШга транспорттоого даярдык. Мичиган, 13-декабрь, 2020-жыл.

АКШда коронавирустан улам каза болгондордун саны кайрадан рекорддук чекке жетти. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 16-декабрда өлкөдө 3700дөн ашык адам вирустун кесепетинен көз жумду. Буга чейин бир күндө каза болгондордун саны 2500дүн тегерегинде болуп жаткан. Эксперттер АКШда коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатканын карабай жакынкы апталарда каза болгондор көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Шейшембиден тартып АКШнын бардык штаттарындагы медициналык жайларга америкалык «Pfizer» компаниясы менен анын немис өнөктөшү «BioNTech» өндүргөн вакцина жеткириле баштаган. Кошмо Штаттардын COVID-19 илдетине каршы жапырт эмдөө программасынын алкагында алгач 150дөй медкызматкерге вакцина сайылды.

Кошмо Штаттарда жалпысынан 17 миллиондой киши вирус жугузуп алса, 307 миндей адам жарык менен кош айтышты.

Учурда Швеция COVID-19 вирусунун экинчи толкуну күчөп, соңку жумада 500дөй адам каза болду. Ал эми 16-декабрда Германияда 952 адам өмүр менен кош айтышты. Бул соңку учурдагы рекорддук сан болуп калды.

17-декабрда өлкөнүн канцлери Ангела Меркел коронавируска каршы дары өндүргөн компаниялардын өкүлдөрү менен видео конференция өткөрөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG