Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

COVID-19 менен ооругандардын эң көбү Бишкекте, эң азы Нарында


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 вирусуна байланыштуу жалпы статитистика жарыяланды. Илдетке каршы республикалык штаб 18-декабрда билдиргендей, оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында, эң азы Нарын облусунда.

18-марттан 18-декабрга чейин өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 78 679 кишиге жетти.

  • Бишкек шаарында - 26 063;
  • Чүй облусунда - 10 872;
  • Жалал-Абад облусунда – 9658;
  • Ош облусунда - 8093;
  • Баткен облусунда – 7037;
  • Ысык-Көл облусунда - 6823;
  • Ош шаарында - 5455;
  • Талас облусунда – 2477;
  • Нарын облусунда – 2201.

Ооругандардын арасынан коронавирус диагнозу 41420 адамга, пневмония диагнозу 37259 кишиге коюлган.

Илдеттен 1324 киши жашоо менен кош айтышты. Алардын 402си коронавирустан, 922си пневмониядан көз жумду.

Жалпы ооругандардын ичинен 18-декабрга карата 72051 бейтап айыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG