Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

Нигерияда уурдалган 340тай өспүрүм бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нигерияда уурдалган 340тай өспүрүм бошотулду. Бул тууралуу 17-декабрды Кацина штатынын губернатору Амину Белло Масари билдирди. Ал коңшу штаттын токоюнда катылып жаткан балдардын көбүн коопсуздук агенттиктеринин өкүлдөрү куткарып калышканын, согушкерлердин колунда дагы балдар калганын айтты.

11-декабрда белгисиз куралчан адамдар эркек балдар окуган мектепке кол салып, 300дөн ашуун окуучуну уурдап кетишкен. Кийин бул үчүн жоопкерчиликти «Боко Харам» террордук тобу алганы тууралуу аудио тараган.

Бул окуя коомчулукта бийликке болгон нааразылыкты күчөтүп, өкмөттү жарандырдын коопсуздугун коргоого чакырган жүрүштөр өттү. 2014-жылы «Боко Харам» террордук тобу Чибок шаарында 300дөй секелек кызды уурдап кетип, бир топтон кийин гана бошоткон.

XS
SM
MD
LG