Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Беларус ИИМи жана Росгвардия кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту


Минскидеги нааразылык акциясына чыккандарды кармоо учуру.
Минскидеги нааразылык акциясына чыккандарды кармоо учуру.

Беларустун Ички иштер министрлиги менен Орусиянын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматы (Росгвардия) коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча келишимге кол коюшту. Мындай документ Беларустун укуктук порталына жарыяланды. Анда тараптар терроризм менен экстремизмге, кылмыштуулукка каршы турууда көмөк көрсөтүү, биргелешкен консультациялар жана машыгууларды өткөрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашкан.

Мындан сырткары Беларус милициясы менен Росгвардия мамлекеттик обьектилерди коргоо, курал-жарак жүгүртүү боюнча чогуу иш жүргүзөт.

Минск менен Москва бул келишимге 19-ноябрда кол койгон жана келишимден тараптардын бири чыкканын жарыялаганга чейин күчүндө болот.

«Интерфакс» агенттиги мындай келишимге кол коюуну Орусиянын премьер-министри Михаилс Мишустинге тапшырганын жазып чыкты.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн жана Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес, ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Андан бери бийлик демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.

АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.

Орусия Беларустагы шайлоону тааныган жана абал курчуп кетсе Лукашенкого жардам көрсөтөрүн билдирүүдө. Буга чейин орус президенти Владимир Путин Лукашенконун суранычы менен күч кызматтарынан турган резервдик топ түзүлгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG