Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Соода-өнөр жай палатасынын президентин шайлоонун жыйынтыгы нааразылыкка себеп болду


Соода-Өнөр жай палатасынын президентин шайлоо. 18-декабрь, 2020-жыл.
Соода-Өнөр жай палатасынын президентин шайлоо. 18-декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Марат Шаршекеев кайрадан шайланды. Шайлоо 18-декабрда, Бишкекте палатанын курултайында болду.

Адегенде жети талапкер ат салышып, экинчи айлампага Марат Шаршекеев менен Ата мекендик өндүрүшчүлөр бирикмесинин төрагасы Бакыт Дегенбаев чыгышты. Жыйынтыгында Шаршекеев көп добуш алды.

Палатанын айрым мүчөлөрү жыйын мыйзамсыз өткөнүн «Фейсбукка» жазышты.

Бакыт Дегенбаев курултайга палатага мүчө 1200 компаниянын өкүлдөрү чакырылбай, 120 өкүл гана добуш бергенин, бул одоно эреже бузуу экенин айтты.

Курултайда ишкананын президентин шайлоодон тышкары акыркы беш жылдагы аткарган иштери, палатанын каржылык ишмердиги тууралуу делегаттарга отчёт берилди.

Палата мүчөсү Айбек Сарыгул курултай өткөрүү эрежеси бузулганын белгиледи жана сотко кайрыларын «Азаттыкка» билдирди.

«Азаттык» азырынча палатанын кайра шайланган президенти Марат Шаршекеевден комментарий ала алган жок.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 1954-жылы негизделген. (SE)

XS
SM
MD
LG