Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Административдик сот Сооронкулованын Жапаровго байланыштуу арызын канааттандырган жок


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы Бишкектин административдик сотуна жазган арызы канааттандырылган жок. Анын тарапташы Рита Карасартова «Азаттыкка» билдиргендей, сот 18-декабрда болду. Алар эми Жогорку сотко кайрылышмакчы.

Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну талап кылып, 15-декабрда сотко арыз берген.

Ал Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда шайлоо күнү белгиленгенин, ал кызматын тапшырганга чейин дээрлик 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеген. Ошондой эле бийликтеги ыйгарым укуктарын токтотууда да мыйзам эрежелери сакталбаганын айтууда.

БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 24-октябрда дайындаган. Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырып, талапкер болуп катталууга арыз берген.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда шайлоо мыйзамын бузбаганын айткан.

9-декабрда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Жапаровдун президенттик шайлоого катышып жатканын «мыйзамсыз» деп билдиришкен.

Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов мындай жүйө негизсиз экенин айтып, Жапаров кызматын тапшырып, анан шайлоого аттанганын белгилеген.

10-январда өтчү президенттик шайлоого 18 талапкер катышып жатат. Алардын арасында бир аял - Клара Сооронкулова бар. (SE)

XS
SM
MD
LG