Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жалал-Абадда кыз ала качуу боюнча 20га жакын факты катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда акыркы он бир айдын жыйынтыгында кыз ала качуу боюнча 19 факты катталды.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Шеркул Тургунбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, түшкөн арыздардын баары текшерүү учурунда жабыркаган деген кыздардын доосу жок деген негизде тергөөдөн кыскартылган:

"Көп учурда арызды кыздын ата-энеси жазып, бирок текшерүү учурунда кыз өз каалоосу менен келгенин жана алып качкан балага карата доосу жоктугун билдиришкен".

Облустук милиция быйыл кыз ала качуу фактысы өткөн жылга салыштырмалуу азайганын билдирип жатат. Статистикага таянсак, 2019-жылы облуста кыз ала качуу боюнча 26 факты катталган.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 175-беренесине ылайык кыз ала качуу оор кылмыштардын катарына кирет.

Бирок Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда айрыкча пандемия маалында ала качуу күчөгөнүн, кылмышка баргандарга эч кандай чара көрүлбөй жатканын жергиликтүү тургундар маалымдашууда. (NT)

XS
SM
MD
LG