Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Бишкекте мештин жарылуусунан бир киши каза тапты, алтоо жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жылытуучу меш (от казан) 19-декабрга караган түнү Бишкектеги үйлөрдүн биринде жарылганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Натыйжада, бир үй-бүлөдөн жети киши күйүк жана башка жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. 34 жаштагы аял бейтапканада каза болуп калган.

Азыр окуяда жабыркаган төрт бала Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасында. 34 жаштагы киши жана 13 жаштагы өспүрүм Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатышат.

Балдардын абалы канааттандырарлык. Ал эми эки кишинин абалы орточо оор экенин Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басма сөз кызматы маалымдады.

Жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Жарылган меш ток, газ же көмүр менен колдонулуп келгенби, азырынча кабарлана элек.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG