Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

COVID-19: Дагы бир киши каза болду, 132 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1331 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 132 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (45) жана Чүй облусунда (32) адам.

Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 79 254 кишиге жетти.

Бир күндө 225 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1636 адам жатат, дагы 2394 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4073 адамга жетти, алардын 3841и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG