Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Таласта өрттүн айынан бир киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта адам өлүмүнө алып келген өрттүн себеби иликтенип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-декабрдагы маалыматына караганда, окуя жекшемби күнү Талас шаарында болгон.

«Chevrolet Lanos» үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын мотору жана багаж бөлүгү күйгөн. Кырсыктан автоунаанын ээси, 44 жаштагы тургун каза болду. Баштапкы маалыматка караганда, ал түтүнгө ууланып калган.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда 11 өрт катталып, тилсиз жоо менен алышууга 17 бөлүм тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG