Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

ТИМ: Келерки жылы Бишкекте «Маарифтин» алгачкы мектеби ачылат


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Маариф» фондунун башчысы Бирол Акгүн менен жолугушту. 2020-жылдын 18-декабры.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Маариф» фондунун башчысы Бирол Акгүн менен жолугушту. 2020-жылдын 18-декабры.

Келерки жылы Кыргызстанда Түркиянын «Маариф» фондунун алгачкы мектеби ачылат. Бул тууралуу 21-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 18-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Маарифтин» башчысы Бирол Акгүн менен жолугушту.

Жолугушууда түрк тарап Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» фондунун ортосунда Кыргызстанда жеке менчик билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө кабыл алынган макулдашууну ишке ашыруу максатында келерки жылы Бишкекте билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыган мектеп ачуу пландаштырылып жатканын кабарлады.

Макулдашууга быйыл 12-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиядагы иш сапарынын убагында кол коюлган.

«Маариф» менен кызматташтык тууралуу меморандум 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө кабыл алынган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG