Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Кыргызстандык изилдөөчү БУУга арналган китептин каарманы болду


Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова «Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» китебинин каарманы болду.
Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова «Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» китебинин каарманы болду.

Кыргызстандык изилдөөчү Швейцарияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) пайдубалынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата жарык көргөн китептин каармандарынын бири болду.

Англис жана француз тилдеринде жазылган, ар улуттагы ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымалы камтылган «Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» деген китепке Кыргызстандын атынан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова тууралуу маалымат кирди.

Китептин кириш сөзүндө: «Бул китепке кирген адамдар биздин дүйнөнү өзгөртүп, ар бири өзү билген жол менен жакшыртып жатат. Булар - жеке жана глобалдуу долбоорлору менен дүйнөнү бекем, бейпил жана бактылуу кылып жаткан жаңы парадигманын булагы болгон адамдар», деп жазылды.

«Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» китеби.
«Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» китеби.

Китепке көбүнчө Женевада адам укуктары, коопсуздук, тынчтыкты сактоо жана гуманитардык багытта иш алып барган адистер тууралуу маалымат кирди. Алардын өзгөчөлүгү - өздөрү түптөп, өз идеясы менен жеке долбоорлорду ишке ашырып жаткандар.

100 жыл мурда, 1920-жылдын 15-ноябрында Женевада Улуттар Лигасынын алгачкы жыйыны өткөн. Дүйнөдө биринчи жолу мамлекеттер арасында мультилатерализм түптөлүп, Улуттар Лигасы кийинчерээк Бириккен Улуттар Уюму болуп түзүлгөн.

Мурдагы журналист Чолпон Орозобекова Булан институтун үч жылдан бери жетектейт. Ага чейин Женевадан эл аралык коопсуздук жана саясат таануу боюнча магистратураларды аяктап, бир нече эл аралык уюмдарда иштеген. Учурда Булан институтунун Женевада офиси бар жана анда алты кызматкер эмгектенет. Институттун ар кайсы өлкөлөрдө изилдөөчүлөр жана эксперттер түйүнү бар. Булан институту терроризм, диний экстремизм жана адам укуктары багытындагы изилдөөлөрүн англис тилинде жарыялап келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG