Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Ат-Башы ГЭСинин үчүнчү агрегаты ишке берилди


Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады.
Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады.

Бүгүн, 21-декабрда Нарында Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады. «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасы Нурбек Козубеков гидроагрегатты пайдаланууга берүү салтанатында сүйлөп жатып бул энергетикалык долбоор Кыргызстан эгемендик алгандан бери ишке берилген Камбар-Ата-2 ГЭСинен кийинки экинчи долбоор экенин белгилеп, мындан ары да аймакта жаңы ишканаларды ачууга, элдин жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачылганын айтты.

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында курулуп, эскилиги жетип калган Ат-Башы гидроэлектростанциясы реконструкция болгондон кийин аны пайдалануу мөөнөтү дагы 30-40 жылга узарып, жылына электр энергиясын иштеп чыгуу саатына 150дөн 180 миллион кВт чейин көбөйүп, кубаттуулук 4 МВтга же 10% өсөт деп пландалууда.

«Ат-Башы» ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады.
«Ат-Башы» ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады.

Ат-Башы ГЭСи – Нарын облусунда электр энергиясын өндүрүүнүн жалгыз булагы. Жылдык иштеп чыгарган кубаттуулугу 115-160 млн. кВт/саат болгон бул ишкана «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүмү. (RK)

XS
SM
MD
LG