Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Укук коргоо уюму сот отурумдары боюнча мониторинг жүргүздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда укук коргоо уюму сот отурумдары боюнча мониторинг жүргүзүп, Жогорку сотко жана тергөө судьяларына сунуштары менен кеп-кеңештерин жөнөттү. Бул тууралуу 21-декабрда Кыргызстандын “Кыйноолорго каршы коалициясы” уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, коалицияга мүчө болгон «Адам укуктары боюнча эдвокаси борбордун» адистери Бишкек, Токмок, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Кадамжай, Нарын, Каракол шаарларындагы жана Сокулук, Сузак, Ак-Суу, Араван райондорунун айылдарындагы жалпысынан 520 соттук отурумга катышышты. Алар кылмышка шектүү адамдарды кармоодо жана бөгөт чарасын аныктоодо мыйзамдын сакталышына жана негиздеменин камсыз болушуна көз салышты.

Жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштарда сот кылмышка шектүү адамга карата реалдуу дилилдердин болушуна, аларды текшерүүгө, эгер шектүүнү кармоого башка адамдар катышкан болсо алар да сотко барып, окуянын чоо-жайын айтып берүүгө милдеттүү экенине көңүл буруу зарылдыгы жазылды. Мындан тышкары, коронавируска байланыштуу карантин шартында иштөө өзгөчөлүктөрү тууралуу атайын маалымат баракчалары жана колдонмолор даярдалганы туура болору белгиленди.

“Кыйноолорго каршы коалиция” 2011-жылы түзүлгөн. Анын курамына 13 укук коргоо уюму кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG