Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Европа Биримдигинде коронавируска каршы эмдөө 27-декабрда башталат


Европадагы дары-дармектерди көзөмөлдөө агенттиги Европа Биримдигинин аймагында "Pfizer" жана "BioNTech" компаниялары чыгарган вакцинаны колдонууга уруксат берди. Жакын арада бул чечимди Европа комиссиясы расмий түрдө бекитиши керек. Евробиримдиктин жетекчилиги мындай чечим менен шаркетке мүчө өлкөлөрдө жаңы жылга чейин эмдөөнү баштаса болорун билдирди. Германиянын, Франциянын, Австриянын жана Италиянын бийлиги 27-декабрда эмдөөнү баштай турганын кабарлаган.

Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Шпандын айтымында, адегенде карылар үйүндө жашагандар эмделет.

“Pfizer/BioNTech” вакцинасы Евробиримдиктин аймагында расмий каттоодон өткөн алгачкы препарат болуп калды. Буга чейин бул вакцинаны АКШ жана Британия каттап, эмдөө иштери башталган. АКШ "Moderna" компаниясынын вакцинасын колдонууга да уруксат берген. Бирок вакцинаны колдонуу Британияда вирустун жаңы түрү жайылып жатканы тууралуу кабар тараган учурга туш келди. Мурдагыга караганда жугуштуу деп эсептелген мутацияланган вирус учурда Британиянын бир нече аймагында жайылып жатканы кабарланды. Ушундан улам жекшембиден тартып бир катар өлкөлөр Британия менен каттамдарды токтотушту.

XS
SM
MD
LG