Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкты


Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.
Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.

Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, азыр элден түшкөн сунуш-пикирлерди чогултуп, бир системага салуу иши жүрүп жатат. Юрист жана лингвист адистерден турган эксперттик топ түзүлдү.

Бөрүбашев белгилегендей, баштапкы вариант Жогорку Кеңеш иштеп чыккан редакциянын концепциясына дал келет.

«Биринчи вариантын жаздык, - деди ал. - Долбоорду бир сыйра иштеп чыктык. Биринчи вариантын. Негизги концепциясын өзгөртпөйбүз. Ошонун негизинде алымча-кошумча берип жатабыз. Азыр ошонун үстүндө иштөөдөбүз».

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын 98 мүчөсү бар. (RK)

XS
SM
MD
LG